20.02.26
Түркестан шаарында Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) экономика жана соода маселелерин көзөмөлдөгөн министрлеринин 14-жыйыны өттү.
Уюмдун басма сөз кызматы билдиргендей, жыйынга мүчө мамлекеттердин делегациялары министрлер деңгээлинде катышып, түрк дүйнөсүндө экономикалык кызматташууну илгерилетүү, соода байланыштарын тереңдетүү жана туруктуу өнүгүүнү маселелерин талкуулашты.
Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) басма сөз кызматы тараткан маалыматта: “Жолугушууда Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) Башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев аймактагы экономикалык туруктуу өнүгүү болуп жаткандыгын белгиледи. Ал 2025-жылы Түрк мамлекеттеринин экономикалык өсүшү орточо 6,86 пайызга жеткендигин, бул дүйнөлүк орточо көрсөткүчтөн эки эседен ашык жогору экенин баса белгиледи. Жетишилген ийгиликтерге карабастан, башкы катчы уюмга мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы өз ара сооданы көбөйтүү үчүн аракеттерди күчөтүүгө чакырды”, — деп айтылат маалыматта.
Жыйындын жүрүшүндө делегация башчылары аймактагы жана дүйнөдөгү актуалдуу экономикалык тенденциялар боюнча пикир алмашып, Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) алкагында өз ара сооданы чыңдоонун практикалык чараларын, бизнес жана инвестициялык климатты жакшыртууну, ошондой эле транспорттук жана логистикалык байланыштарды өнүктүрүүнү талкуулашты.
Катышуучулар соода тоскоолдуктарын азайтуу, чакан жана орто бизнести колдоо жана чек ара аралык сооданы жөнөкөйлөтүү боюнча макулдашылган ыкмалардын маанилүүлүгүн белгилешти. Делегация башчылары Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) алкагында экономикалык интеграцияны тереңдетүүгө жана аны ишке ашыруу үчүн тыгыз байланыштарды улантууну макулдашышты.
Көрүшмөнүн соңунда 14-жыйналыштын коммюникеси, соода тармагындагы өнөктөштүк боюнча өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюлду. Мындан тышкары, экономика, соода, инвестициялар жана каржы тармактарындагы кызматташтык боюнча комплекстүү жол картасы жана Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) “Trade Nexus” форумунун концепциясы сыяктуу бир катар стратегиялык документтер жактырылды.
https://24.kg/ekonomika/362947_otg_vyihodit_nanovyiy_uroven_ekonomicheskogo_sotrudnichestva/


