24.02.26

Казакстан жана Өзбекстан темир жол аркылуу жүк ташуулардын көлөмүн эки эсеге көбөйтүүнү пландоодо. Бул чек арадагы темир жол түйүндөрүнүн ишин синхрондоштуруу аркылуу ишке ашары күтүлүүдө. Бул тууралуу Казакстандын Транспорт министрлигинин басма сөз кызматынын маалымат борбору билдирди.

Мындай чечим эки өлкөнүн биргелешкен делегациясынын чек арадагы негизги темир жол объектилерин кыдыруусунун жыйынтыгында кабыл алынды. Иш сапар жүк ташуунун көлөмүн 60 млн тоннага чейин жеткирүү боюнча мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун алкагында өттү.

Делегациянын курамына темир жол администрацияларынын жетекчилери, Чек ара кызматынын өкүлдөрү, Мамлекеттик кирешелер комитетинин кызматкерлери, ошондой эле фитосанитардык жана ветеринардык көзөмөл үчүн жооптуу Айыл чарба министрлигинин адистери кирди.

Сапардын жүрүшүндө Сарыагаш жана Сырдарья станциялары эки өлкө ортосундагы стратегиялык темир жол түйүндөрү дыкат текшерилди. Бул объектилер өткөрүү жөндөмдүүлүгүн кеңейтүүнүн негизги пункттары болуп, жүк ташуунун көлөмүн олуттуу көбөйтүүгө шарт түзөт.

Тараптар мамлекеттер аралык түйүндөрдүн өткөрүү мүмкүнчүлүгүн этап-этабы менен кеңейтүү зарылдыгын белгилешти. Ага ылайык, Сарыагаш станциясында суткасына жүргөн поезддердин саны 36 жуптан 40 жупка чейин көбөйтүлөт. Ал эми Оазис түйүнүндө көрсөткүч беш эсеге өсүп, суткасына 10 жуп поездге жетет.

Сырдарья түйүнүн өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. “Дарбаза — Мактаарал” темир жол тилкеси пайдаланууга берилгенден кийин бул багытта да суткасына 10 жуп поезд өткөрүү мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Бул 60 млн тонна жүк жүгүртүү максатына жетүү үчүн керектүү техникалык негизди камсыздайт.

Маалыматка ылайык, узундугу 152 чакырымды түзгөн “Дарбаза — Мактаарал” темир жол линиясын куруу иштери 2026-жылы аяктайт деп күтүлүүдө. Долбоор “Борбордук Азия” эл аралык өнөр жай кооперация борборунун алкагында ишке ашырылууда. Мындан тышкары, Казакстан жакынкы эки жыл ичинде беш трансчек аралык логистикалык хабды ишке киргизүүнү пландап жатат. Бул тууралуу өлкөнүн соода жана интеграция министри Арман Шаккалиев билдирген.

https://kapital.kz/economic/145279/zheleznodorozhnye-perevozki-mezhdu-kazahstanom-i-uzbekistanom-namereny-narastit-v-dva-raza.html