02.03.26
Казакстан жана Өзбекстандын демилгеси менен космостук жана индустриялык туризмди өнүктүрүүгө багытталган жаңы биргелешкен туристтик маршрутту ишке киргизүү маселеси иштелип чыгууда.
Казакстан тарап Өзбекстандын туризм тармагынын өкүлдөрүнө жана ишкерлер коомчулугуна кызматташуу боюнча сунуш киргизип, Казакстандын Кызылордо облусунун туристтик потенциалын ачууга өзгөчө көңүл бурууда. Демилгенин негизги максаты, Кызылордо облусунун аймагында жайгашкан Байкоңур космодрому менен туристерди тааныштыруу үчүн долбоорлорду түзүү болуп саналат.
Сунушталган маршрут “Союз” ракета-ташгычынын монтаждык-сыноо иштерин байкоого, ракетаны ташуу жана старттык комплекске орнотуу этаптарын көрүүгө, космодромдун музейлерин жана тарыхый объекттерине зыярат кылууга, ошондой эле белгиленген күндөрдө ракетанын учурулушун түздөн-түз көрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Белгиленгендей, Байкоңурда космостук ракеталар жыл ичинде бир нече жолу учурулат, бирок мындай иш-чараларга катышуу алдын ала каттоодон өткөндө гана мүмкүн болот.
Казакстан тарап Өзбекстандын туроператорлору менен биргеликте бириктирилген туристтик пакеттерди түзүүгө, космостук жана индустриялык туризм багыттарын өнүктүрүүгө жана эки мамлекеттин ортосундагы туристтик алмашууну кеңейтүүгө даяр экенин билдирди.Практикалык кадам катары 20-марттан 26-апрелге чейинки мезгилге пландалган туристтик иш-чара каралууда.
Туризм тармагындагы ишкерлер жана туроператорлор жаңы маршруттун алкагында кызматташуу боюнча демилгелерди жана сунуштарды берүүгө чакырылууда. Бул маршрут эки өлкөнүн ортосундагы туристтик кызматташууну өнүктүрүүгө кошумча түрткү берет деп күтүлүүдө.


