02.03.26
Түркиянын “VTK Global Investments and Trading” компаниясы Казакстандын Акмола облусунда маалыматтарды иштетүү борборлорунун (ЦОД) кампусун жана кайра жаралуучу энергия объектилерин курууга 1,5 млрд доллар инвестиция салат.
Тиешелүү меморандумга Акмола облусунун акими Марат Ахметжановдун катышуусунда Аршалы районунун акими менен “Akmola Industry” компаниясынын ортосунда кол коюлганын Kapital.kz агенттиги билдирди.
Документ “Акмола” инфраструктуралык программасын биргелешип ишке ашырууну карайт. Долбоор Аршалы районунун индустриалдык аймагында ишке ашырылып, көп баскычтуу маалыматтарды иштетүү борборлорунун кампусун курууну жана болжол менен 150 туруктуу жумуш ордун түзүүнү камтыйт. Маалыматтарга ылайык, кампус 8 гектар аянтка жайгашып, сервердик залдарды, электр подстанцияларын, муздатуу системаларын, коопсуздук зоналарын жана логистикалык инфраструктураны камтыйт.
Мындан тышкары, 300 гектар аянтта кайра жаралуучу энергия объектилерин куруу пландалууда. Анын алкагында индустриалдык аймакка жана Бабатай станциясына жакын жерде күн электр станциялары орнотулат. Акмола облусунун акими Марат Ахметжанов Казакстан агроөнөр жайды кайра иштетүү жана кайра жаралуучу энергия тармактарында өз ара пайдалуу инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин белгиледи. Ал эми “VTK Global” компаниясынын директору Караманлы Тайлан аймакта санариптик инфраструктураны жана “жашыл” энергетиканы өнүктүрүү үчүн чоң мүмкүнчүлүктөр бар экенин билдирди.
Ошондой эле Казакстандын Экибастуз шаарында Борбор Азиядагы эң ири маалыматтарды иштетүү борборлорунун кампусун түзүү долбоору ишке ашырылып жатканы маалымдалды. Анын энергетикалык кубаттуулугу 1 ГВтка чейин жетет.
Бул долбоор үчүн 1,4 миң гектар жер тилкеси бөлүнүп, инфраструктуралык чечимдер жана мамлекеттик колдоо механизмдери даярдалууда. Борборлордун инфраструктурасы Tier III эл аралык стандартына жана PUE 1.25 энергия эффективдүүлүк көрсөткүчүнө ылайык курулат.


