11.03.26
Казакстандын парламенти Азербайжан жана Өзбекстан менен жашыл энергияны өндүрүү жана жеткирүү боюнча стратегиялык өнөктөштүк тууралуу келишимди ратификациялады. Бул тууралуу “Kapital.kz” маалымат борбору кабарлады.
Казакстандын Энергетика министри Ерлан Аккенженов билдиргендей, документке үч өлкөнүн мамлекет башчылары 2024-жылдын 13-ноябрында Бакуда өткөн COP-29 конференциясынын алкагында кол коюшкан.
Келишим кайра жаралуучу жашыл энергия булактарынын потенциалын натыйжалуу пайдаланууга жана аны экспорттоого багытталган. Документте жашыл аммиак менен суутекти өндүрүү жана экспорттоо боюнча долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле Европанын рынокторуна жеткирүүнү кеңейтүү каралган.
Министрдин айтымында, долбоордун алкагында Казакстан жана Өзбекстанда өндүрүлгөн жашыл энергияны Азербайжанга Каспий деңизинин түбү аркылуу тартылуучу суу алдындагы кабель аркылуу жеткирүү пландалууда. Мындан тышкары, Кара деңиз аркылуу ишке ашырыла турган окшош долбоор аркылуу энергияны, Европанын өлкөлөрүнө экспорттоо мүмкүнчүлүгү түзүлөт.
Анын белгилешинче, долбоордун негизги элементи Каспий деңизинин түбү аркылуу жогорку чыңалуудагы туруктуу ток менен иштеген терең суу алдындагы кабелди тартуу. Бул техникалык жактан татаал болгону менен стратегиялык мааниге ээ жана Европа Биримдигинин электр энергия рыногуна түз чыгууга мүмкүндүк берет.
Учурда долбоор ишке ашыруунун активдүү стадиясына өттү. Казакстандын, Азербайжандын жана Өзбекстандын энергетика ведомстволору мурда кол койгон меморандумдун алкагында техникалык-экономикалык негиздемени даярдоо үчүн консультант катары эл аралык италиялык CESI Consulting компаниясы тандалган. Долбоорго Азия өнүктүрүү банкы жана Азия инфраструктуралык инвестициялар банкы колдоо көрсөтүүдө.
Мындан тышкары, 2026-жылдын август айында Казакстан менен Азербайжан Каспий деңизинин түбү аркылуу байланыш линиясын тартуу боюнча макулдашууга жетишкен. Анын узундугу болжол менен 380 чакырымды түзөт. Бул Каспий деңизиндеги тарыхтагы биринчи суу алдындагы оптикалык байланыш линиясы болот.


