26.03.26
2026-жылдын 25-мартында Ташкент шаарында “Борбор Азия: өндүрүмдүүлүктөн гүлдөп-өнүгүүгө карай” аттуу биринчи эл аралык форум болуп өттү. Казахстандын Улуттук экономика министри Ерлан Сагнаев аталган форумга катышты. Бул тууралуу, “Kapital.kz” бизнес маалымат кызматы билдирди.
Форумдун катышуучулары өнүгүүнүн негизги багыттары болгон эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу, айыл чарбасын модернизациялоо, санариптештирүү жана адам капиталын өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.
Жолугушуунун негизги жыйынтыгы катары, Ташкент декларациясына кол коюлду. Документ аймактагы өлкөлөрдүн инновация жана билимге негизделген өнүгүү моделине өтүшүн бекемдейт.
Казахстандын Улуттук экономика министри Ерлан Сагнаев айтымында, өз ара соода негизги драйвер бойдон калууда, 2025-жылы Казакстандын Борбор Азия өлкөлөрү менен товар жүгүртүүсү 8,8 млрд долларды түздү (+14,4%), экспорт 6,6 млрд доллар (+21,7%). Мындай өсүштөр соода процедураларын жөнөкөйлөтүү жана сооданы санариптештирүү менен байланыштуу.
Артыкчылыктуу багыттардын катарында транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү да бар, анын ичинде “Дарбаза–Мактаарал” темир жол долбоору, ал каттамдардын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга тийиш.
Инвестициялык тармакта өнөр жай зоналарын жана өндүрүш кластерлерин түзүү үчүн “Түрк инвестициялык фондун” активдүү колдонуу сунушталды.
Казакстан “Astana Hub” базасында санариптик долбоорлорду биргелешип өнүктүрүүгө жана чечимдер менен бөлүшүүгө даяр экенин тастыктады.
Ошондой эле билим берүү аркылуу жана эл аралык уюмдар, анын ичинде БУУнун түзүмдөрү менен кызматташуу аркылуу адам капиталын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду.


