02.04.26
Казакстан түрк интеграциясын узак мөөнөттүү, прагматикалык жана экономикага багытталган процесс катары карайт. Бул тууралуу Баку шаарында өткөн Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын жыйынында Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов билдирди.
Анын айтымында, 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Казакстандын ТМУга мүчө мамлекеттер менен өз ара соода жүгүртүүсү 12,9 миллиард долларга жеткен. Өкмөт башчы соода-экономикалык жана инвестициялык байланыштарды мындан ары да тереңдетүүгө кызыкдар экенин белгиледи.
Жолугушууда түрк өлкөлөрүнүн соода-өнөр жай палаталарынын союзун күчөтүү жана аны Түрк инвестициялык фонду менен тыгыз координациялоо зарылдыгы белгиленди. Бул кадам ТМУнун экономикалык институттарынын өз ара аракеттенүүсүн арттырууга багытталат.
Өз ара сооданы кеңейтүү жана бизнес үчүн санариптик шарттарды түзүү максатында Казакстан санариптик экономика боюнча өнөктөштүк келишимин (DEPA) ратификациялоону жакын арада аяктоону пландап жатат. Ошондой эле түрк мамлекеттеринин аймактык метрологиялык уюмун (TURKMET) түзүү иштерин тездетүү сунушталды.
Бизнести колдоо алкагында Казакстандын Түркстан шаарында “Туран” атайын экономикалык зонасы түзүлгөн. Өлкө аталган аймакта биргелешкен өндүрүштөрдү жайгаштырууга жана технологиялык кластерлерди өнүктүрүүгө даяр экенин билдирди.
Жыйында транспорттук-транзиттик кызматташтык маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Орто коридордун макамын бекемдөө максатында быйыл Казакстан менен Азербайжандын ортосунда өкмөттөр аралык макулдашууга кол коюу пландалууда.
Олжас Бектенов Зангезур коридорунун ачылышын эске алуу менен Транскаспий эл аралык транспорттук маршруту (ТМТМ) мындан ары өнүктүрүү зарылдыгын белгиледи. Анын айтымында, Орто коридорду өнүктүрүүгө кошумча түрткү катары ТМУнун Санариптик мониторинг борбору кызмат кыла алат. Бул багытта атайын жумушчу топ түзүү сунушталды.
Мындан тышкары, чек ара аралык энергетикалык инфраструктураны бекемдөө жана экологиялык чечимдерди илгерилетүү маселелери көтөрүлдү. Казакстандын өкмөтү энергияны үнөмдөө боюнча алдыңкы тажрыйбаларды жайылтуу үчүн атайын кеңеш түзүү концепциясын иштеп чыгууда. Белгиленгендей, мындай демилгелер Борбор Азияда суу ресурстарын натыйжалуу пайдалануу боюнча биргелешкен программаларды ишке ашырууга мүмкүнчүлүк түзөт.


