08.04.26
Казакстан салттуу углеводород ресурстарынын акырындап азайышынын шартында стратегиялык жана сейрек кездешүүчү металлдарды өздөштүрүүгө өзгөчө көңүл бурууда. Бул тууралуу “inbusiness.kz” порталы маалымдады. Маалыматка ылайык, 2025-жылы өлкөдө 17 жаңы кен табылып, бул Казакстандын дүйнөлүк чийки зат рыногундагы ири оюнчу катары позициясын бекемдеп жатканын көрсөтөт.
Геологиялык чалгындоо иштеринин масштабы 2 миллион чарчы чакырым аянтты камтыды. Тармакты өнүктүрүү максатында өкмөт жакынкы үч жыл ичинде мамлекеттик геологиялык изилдөөлөргө болжол менен 240 миллиард теңге бөлүүнү пландап жатат. Мындан тышкары, 2028-жылга чейин 14 миллиард теңгеге бааланган заманбап лабораториялык комплекс ишке киргизилет. Бул комплекс жер катмарынан алынган баалуу металлдардын үлгүлөрүн терең изилдөөгө мүмкүнчүлүк берет. Учурда Казакстандын минералдык-чийки зат базасы 10 миңден ашык кенди камтыйт. Анын ичинде алтындын запасы 2 369 тонна, мунай — 4,3 миллиард тонна, темир рудасы — 26,7 миллиард тонна деп бааланат.
Ошол эле учурда негизги басым литий, бериллий, тантал жана ниобий сыяктуу сейрек кездешүүчү металлдарды иштетүүгө жасалууда. Бул ресурстар электромобилдерди, электрониканы жана жогорку технологиялык жабдууларды өндүрүүдө чоң мааниге ээ.
Белгиленгендей, 2025-жылы болжол менен 800 миң тонна сейрек элементтерди камтыган “Куйрыктыколь” кени ачылган. Акыркы үч жылда өлкөнүн геологиялык чалгындоо тармагына 280 миллиард теңге көлөмүндө жеке инвестициялар тартылган.


