15.04.26

Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов Өкмөттөр аралык комиссиянын 14-жыйынына катышууга келген Түркиянын вице-президенти Жевдет Йылмаз менен жолугуп соода-экономикалык кызматташтык боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул тууралуу “primeminister.kz.” маалымат кызматы билдирди.

Олжас Бектенов: “Мамлекет башчыларыбыз Касым-Жомарт Токаев менен Режеп Тайип Эрдогандын чыныгы достугу жакшы салтка айланып, эки тараптуу мамилелердин бекем пайдубалы болуп калды. Биздин соода-экономикалык жана инвестициялык байланыштар динамикалуу өнүгүп жатат. Түркия Казакстандын негизги беш соода өнөктөшүнүн бири болуп саналат. Өткөн жылы эки өлкөнүн товар жүгүртүүсү 9% пайызга өстү. Анын ичинде казак товарларынын экспорту 17,7% пайыздан ашык өсүп, 3,9 миллиард долларга жетти”, — деп белгилеп өттү.

Түркиянын вице-президенти Жевдет Йылмаз: “Түркия менен Казакстан бул жөн гана достук жана бир тууган мамлекеттер эмес, ошондой эле жалпы тарых жана маданият менен байланышкан стратегиялык өнөктөштөр. Жогорку деңгээлдеги кызматташтыкка жетишүүдө президенттерибиз Режеп Тайип Эрдоган менен Касым-Жомарт Токаевдин чечкиндүү аракеттери жана жалпы көз карашы чоң роль ойноду. Бүгүнкү комиссия жыйынында биз соода-экономикалык мамилелердин “Жол картасын” түзүү үчүн стратегиялык маселелерди талкуулайбыз”, — деп билдирди.

Жаңы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун алкагында, Казакстан тарап өнөр жай аянтчаларын жана мамлекеттик колдоо инструменттерин берүүгө даяр экенин билдирди. Өткөн жылы Казакстандын экономикасына болжол менен 390 миллион доллар түрк инвестициясы тартылган, ал эми акыркы 20 жылда бул сумма 6 миллиард доллардан ашкан. Азыркы учурда курулуш, жеңил өнөр жай, металлургия, агроөнөр жай продукциясын терең кайра иштетүү, транспорт жана логистика, фармацевтика, электрондук жабдуулар өндүрүшү сыяктуу тармактарда жалпы суммасы 4 миллиард долларды түзгөн 98 инвестициялык долбоор ишке киргизилген. Дагы 3,9 миллиард долларлык 50 долбоор ишке ашыруунун баскычында турат.

2025-жылдын жыйынтыгы боюнча, Казакстан менен Түркиянын ортосундагы темир жол аркылуу жүк ташуу көлөмү 6,4 миллион тоннага жетип, 2024-жылга салыштырмалуу 35% пайызга өскөн. Транскаспий эл аралык транспорттук маршрут аркылуу 4 миллион тоннадан ашык жүк ташылган. Орто коридорду өнүктүрүү, инфраструктураны жаңылоо, порт жана терминал мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, санарип чечимдерди киргизүү жана тарифтик саясатты координациялоо негизги артыкчылыктар болуп саналат. Көрүлгөн чаралардын натыйжасында акыркы жети жылда жүк агымы беш эсеге өсүп, товар жеткирүүнүн мөөнөтү 13 күнгө чейин кыскарган.

Агроөнөр жай комплексинде өткөн жылы товар жүгүртүү 25% пайыздан ашык өсүп, 360 миллион долларга жеткен. Казакстан менен Түркиянын ыйгарым укуктуу органдары жана бизнес өкүлдөрү агротехнология жана камсыздандыруу тармагында тажрыйба алмашууну жолго коюшкан. Товар жүгүртүүнү диверсификациялоо, экспорттук ассортиментти кеңейтүү жана жогорку кошумча наркы бар жаңы биргелешкен өндүрүштөрдү ишке киргизүү зарылдыгы белгиленди. Ошондой эле буудай, жасмык жана башка айыл чарба өсүмдүктөрүнүн экспортун көбөйтүү үчүн ветеринария жана фитосанитария тармагында биргелешкен иштердин маанилүү экендиги белгиленди.

Энергетикалык өнөктөштүктү өнүктүрүү маселелери да каралды. Мунай-газ тармагында жана геологиялык чалгындоодо ири биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу пландалууда. Түркия аркылуу өтүүчү “Баку–Тбилиси–Жейхан” мунай куурунун стратегиялык мааниси белгиленди, анткени ал аркылуу казак мунайы ташылат. Энергетика жана көмүр тармагында инновацияларды киргизүү боюнча тажрыйба алмашуу кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгарат.

Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) алкагында, Казакстан менен Түркия башка өлкөлөр менен бирге киберкоопсуздук кеңешин түзүү жана CubeSat-12U спутнигин иштеп чыгуу боюнча иш алып барууда. Ошондой эле экономиканы санариптештирүү жана жасалма интеллектти кеңири киргизүү боюнча Касым-Жомарт Токаевдин демилгелери өзгөчө белгиленди. IT-билим берүү, финтех, киберкоопсуздук жана электрондук кызматтар тармагында биргелешкен долбоорлор үчүн чоң мүмкүнчүлүктөр бар. Астанада Борбордук Азиядагы эң ири эки суперкомпьютердик кластер ишке киргизилип, Alem.ai эл аралык жасалма интеллект борбору ачылган. “Маалымат борборлорунун өрөөнү” долбоору ишке ашырылууда.

Саламаттык сактоо тармагында негизги багыттар инвестициялык кызматташтык, маалыматтык технологияларды жана академиялык тажрыйбаны алмашуу. Түркиялык өнөктөштөрдүн катышуусунда, Казакстанда жаңы ооруканаларды куруу, онкологиялык инфраструктураны өнүктүрүү, университеттик клиникаларды түзүү жана фармацевтикалык өндүрүштү өнүктүрүү боюнча долбоорлор ишке ашырылууда.

Жыйындын жыйынтыгында тараптар, Казакстан–Түркия Өкмөттөр аралык комиссиясынын 14-жыйынынын протоколуна кол коюшту. Буга чейин Түркиянын “VTK Global investments and trading” компаниясы Акмола облусунда маалымат борборунун кампусун жана кайра жаралуучу энергия объекттерин курууга инвестиция салаары кабарланган. 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгында, Евразия аймагындагы өлкөлөргө Түркия тарабынан тартылган инвестициялардын жалпы көлөмү 18,6 миллиард долларга жеткен.

https://kapital.kz/economic/146981/v-2025-godu-v-ekonomiku-kazahstana-privlekli-dollar390-mln-tureckih-investicij.html