23.04.26
Казакстан мунайдын экспортту кеңейтүү максатында мунайды кайра иштетүү жана логистика тармактарына 15 млрд долларга чейин инвестиция тартууну пландап жатат. “Vesti.az” агенттиги тараткан маалыматта, бул тууралуу Бакуда өткөн мунай логистикасы жана соодасы боюнча конференцияда, Казакстандын “PetroCouncil” мунай-газ кеңешинин башчысы Асылбек Джакиев билдирди.
Анын айтымында, тартылган инвестициялык каражаттар кайра иштетүү секторун жана инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталат. Мындай кадамдар мунай жана мунай-химия продукциясынын экспортун көбөйтүүгө мүмкүндүк берет. Негизги долбоорлордун катарында жылына 1,2 млн тонна кубаттуулуктагы, баасы 7,6 млрд доллар болгон полиэтилен өндүрүүчү заводдун курулушу, ошондой эле 900 миң тонна көлөмүндөгү бутадиен өндүрүү долбоору (баасы 1,1 млрд доллар) бар.
Асылбек Джакиев Казакстан экспорттук багыттарды диверсификациялоону караштырып жатканын белгиледи. Салттуу Россия аркылуу өтүүчү маршруттардан тышкары, мунайды жеткирүүлөр, Азербайжан аркылуу жана Кытай багытында да ишке ашырылышы мүмкүн. Айрыкча Транскаспий багытын өнүктүрүүгө көңүл бурулууда. Аны кеңейтүү үчүн Казакстандын “Актау” портунун инфраструктурасына кошумча инвестициялар талап кылынат. Бул порт салттуу жолдорду айланып өтүүчү негизги түйүн катары каралууда.
https://vesti.az/ekonomika/kazaxstan-privlecet-15-mlrd-v-neftyanuyu-otrasl-i-logistiku-590671


