14.06.26
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Режеп Тайип Эрдоган менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгын чыгарып, эки өлкөнүн ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктүн жогорку деңгээлин белгиледи. Анын айтымында, Казакстан менен Түркияны жалпы тарыхый тамырлар, маданий баалуулуктар жана кызматташууну чыңдоого болгон умтулуу бириктирет.
Түркиянын президентинин сапардын алкагында, Жогорку деңгээлдеги стратегиялык кызматташтык кеңешинин алтынчы жыйыны өтүп, анын жыйынтыгында тараптар Түбөлүк достук жана кеңейтилген стратегиялык өнөктөштүк тууралуу декларацияга, ошондой эле өкмөттөр аралык бир катар макулдашууларга кол коюшту.
Токаев Түркия Казакстандын эң ири инвесторлорунун бири экенин баса белгиледи. Түрк компаниялары Казакстандын экономикасына болжол менен 6 млрд доллар инвестиция салган, ал эми өз ара соода жүгүртүүнүн көлөмү 5 млрд доллардан ашкан. Казакстанда 4 миңге жакын түрк компаниясы иш алып барат. Мамлекет башчысы түрк бизнес өкүлдөрүн энергетика, транспорт, логистика, айыл чарба, тоо-кен өнөр жайы жана санариптик технологиялар тармагындагы ири долбоорлорго катышууга чакырды.
Тараптар Ортоңку коридорду өнүктүрүүгө, транспорттук байланыштарды кеңейтүүгө жана энергетика тармагындагы кызматташтыкка өзгөчө көңүл бурушту. Казакстан ошондой эле “Turkish Petroleum Corporation” компаниясынын казакстандык рынокко чыгуу пландарын кубаттады.
Президент билим берүү жана технология тармагындагы кызматташтык активдүү өнүгүп жатканын белгиледи. Түркияда 14 миңге жакын казакстандык студент билим алууда, ал эми Казакстанда биргелешкен билим берүү долбоорлору, анын ичинде “Маариф” фонду ачкан мектептерди ишке киргизүү уланууда. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Казакстан менен Түркия 14 келишимге кол коюшту. Алардын арасында учкучсуз учуучу аппараттарды өндүрүү жана тейлөө боюнча биргелешкен ишкана түзүү тууралуу документ да бар.
https://kapital.kz/economic/148070/kazahstanskie-investicii-v-turciyu-prevysili-dollar25-mlrd.html


