14.05.26
Касым-Жомарт Токаев жана Режеп Тайып Эрдоганга эки өлкөнүн биргелешкен инвестициялык долбоорлору тааныштырылды. Бул тууралуу Акорда басма сөз кызматы кабарлады.
Казакстандын Абай облусунда “Miryıldız” компаниясы тоо-кен байытуу комбинатын курууну пландап жатат; Алматыда “İskefe Holding” желатин өндүрүшүн ишке киргизүүнү көздөөдө; Түркстан облусунда “Orzax Group” биологиялык активдүү кошулмаларды чыгаруучу заманбап өндүрүштү түзүүдө; Актөбөдө “S Sistem Lojistik” компаниясы “Казпочта” компаниясы менен биргеликте эл аралык аэропорттун аймагында логистикалык борбор түзүүдө; Астанада “Tiryaki Holding” буудай жана буурчакты терең иштетүүчү заводун куруп жатат.
Бул долбоорлорду ишке ашыруу Казакстанга 920 млн доллардан ашуун инвестиция тартууга жана 3,100 ашык жумуш ордун түзүүгө мүмкүндүк берет.
Казакстандын премьер-министринин орун басары Серик Жумангарин мамлекет башчыларына билдиргендей, бүгүнкү күнгө чейин Түркиянын компанияларынын катышуусунда Казакстанда экономиканын ар кыл тармактарында жалпы суммасы 4 млрд долларга жакын болгон 100 жакын инвестициялык долбоор ишке ашырылган. Учурда жалпы баасы болжол менен 4 млрд долларды түзгөн дагы 50 биргелешкен долбоор боюнча иштер уланууда. Бул Казакстан менен Түркиянын ортосундагы инвестициялык кызматташуунун жогорку деңгээлин көрсөтөт.
Эскерте кетсек, 2026-жылдын 13-майында Түркиянын президенти Казакстанга мамлекеттик сапар менен келген. 14-майда Касым-Жомарт Токаев менен Режеп Тайып Эрдоган тар курамда сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү. Андан соң Жогорку деңгээлдеги стратегиялык кызматташтык кеңешинин алтынчы жыйыны болуп, анда Казакстандын президенти Түркияга казак товарларынын экспортун 630 млн долларга көбөйтүүнү жана 2026–2028-жылдарга айыл чарба продукцияларынын өз ара соодасын активдештирүү боюнча Жол картасын кабыл алууну сунуштады. 15-майда Түркстан шаарында Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) мүчө өлкөлөрдүн лидерлеринин бейформал саммити өтөт. Саммиттин темасы “Жасалма интеллект жана санариптик өнүгүү”-деп аталат.


