15.05.26
Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин төрагалыгында Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) бейрасмий саммити 2026-жылдын 15-майында түрк дүйнөсүнүн руханий борбору болгон Түркстан шаарында “Жасалма интеллект жана санариптик өнүгүү” деген темада өттү.
Саммитке Азербайжан Республикын Президенти Илхам Алиев, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров, Түркия Республикасынын Президенти Режеп Таййип Эрдоган, Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Туфан Эрхүрман жана ТМУнун Башкы катчысы, Элчи Кубанычбек Өмүралиев катышты.
Ошондой эле, саммитке ТМУнун Аксакалдар кеңешинин Төрагасы жана мүчөлөрү менен бирге Түрк кызматташтык уюмдарынын жетекчилери да катышты.
“Жасалма интеллект жана санариптик өнүгүү” темасында өткөн саммит мүчө жана байкоочу мамлекеттердин ортосунда санариптик трансформация, инновация, жасалма интеллект, өз ара байланыш жана туруктуу экономикалык өнүгүү тармактарындагы кызматташтыкты чыңдоого багытталды. Лидерлер "Түрк дүйнөсүнүн көз карашы - 2040" документинин максаттарына ылайык, түрк дүйнөсүндөгү тилектештикти, өз ара ишенимди жана стратегиалдык кызматташтыкты дагы да тереңдетүү боюнча бирдиктүү чечимдерин кайрадан тастыкташты.
Түркстан бейрасмий саммитинде кабыл алынган негизги чечимдер
Мамлекет башчылары жана Тышкы иштер министрлери тарабынан кол коюлган документтер төмөнкүлөр:
- Түрк мамлекеттер уюмунун Түркстан декларациясы;
- Түрк мамлекеттер уюмунун Катчылыгынын институтутук жана санариптик дараметин чыңдоо жөнүндө чечим;
- ТМУнун Башкы катчысынын орун басарын дайындоо жөнүндө чечим.
Башкы катчы, Элчи Кубанычбек Өмүралиев өз сөзүндө ТМУнун санариптештирүү, транспорт, соода, энергетика, туризм, билим берүү жана жаңы технологияларды камтыган кеңири стратегиалдык тармактарда аймактык кызматташтык аянтчасы катары өсүп жаткан ролуна көңүл бурду. Башкы катчы Өмүралиев түрк дүйнөсүндө туруктуу өсүштү жана күчтүү аймактык интеграцияны камсыз кылуу үчүн институтук координацияны жогорулатуунун жана биргелешкен санариптик демилгелерди алдыга жылдыруунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Лидерлер мүчө жана байкоочу мамлекеттердин тиешелүү мекемелери менен кызыкдар тараптардын ортосунда күчтүү кызматташтыкты кубаттоо менен бирге жасалма интеллект, санариптик башкаруу, акылдуу инфраструктура жана инновациялык экосистемалар тармагында да кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн өзгөчө белгилешти.
Саммиттин алкагында лидерлер түрк дүйнөсүнүн тарыхый, маданий жана руханий мурастарын бир аянтчада бириктирген, эл аралык деңгээлдеги көп тармактуу маданий, илимий жана туристтик борбор түзүүнү максат кылган “Түрк цивилизациясынын борборунун” ачылышын жасашты.
Саммитте ошондой эле Түркстандын түрк дүйнөсүнүн руханий борбору катары стратегиалдык мааниси кайрадан тастыкталып, түрк элдеринин ортосунда орток өзгөчөлүктү (иденттүүлүктү), маданий мурасты жана биримдикти чыңдоодогу символикалык ролу баса белгиленди. Саммиттин соңунда ТМУнун Башкы катчысы, Элчи Кубанычбек Өмүралиев бейрасмий саммит учурунда кабыл алынган негизги жыйынтыктарды жана маанилүү чечимдерди камтыган басма сөз билдирүүсүн жасады. Саммиттин программасынын алкагында Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев Түрк мамлекеттер уюмунун Мамлекет жана Өкмөт башчыларынын урматына расмий кабыл алуу кечесин уюштурду.


