18.05.26

Астанада өткөн Казакстан-Түркия бизнес-форумунун алкагында, эки өлкөнүн делегациялары бир катар келишимдерге кол коюлду. Катышуучулардын арасында Казакстандын Актөбө облусу да болду. Түркияныны “Turkish Aerospace” компаниясы Казакстандын “№406 Жарандык авиациялык оңдоо заводу” компаниясы менен биргелешкен ишкана түзүүнү пландап жатат. Ишкананын базасында ANKA үлгүсүндөгү учкучсуз учуучу аппараттарды өндүрүү жана техникалык тейлөө уюштурулары күтүлүүдө. Бул тууралуу “Kapital.kz” маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, учкучсуз комплекстер издөө-куткаруу иштеринде, стратегиялык объектилерди коргоодо, мунай-газ түтүктөрүн көзөмөлдөөдө жана корук аймактарын кайтарууда колдонулат. Дагы бир маанилүү документ “Coca-Cola İçecek Kazakhstan” компаниясына тиешелүү. Буга чейин маалымдалгандай, Актөбөдө Казакстандагы төртүнчү суусундук өндүрүүчү завод курулат. Өндүрүш эл аралык экологиялык стандарттарга жооп берип, калдыктарды башкаруунун заманбап системаларын камтыйт.

Долбоор “Kazakh Invest” улуттук компаниясынын колдоосу менен ишке ашырылууда. Бул компания, Казакстандагы стратегиялык инвестициялык демилгелерди колдоп келет. Инвестициялык келишимге, Актөбө облусунун индустриялык өнүгүү башкармалыгынын жетекчиси Досжан Алибеков жана “Coca-Cola İçecek Kazakhstan” компаниясынын башкы директору Вели Динчель кол коюшту. Белгилей кетсек, 2022-жылы “Kazakhstan Engineering” компаниясынын базасында ANKA сокку уруучу учкучсуз аппараттарын чогултуу жана техникалык тейлөө линиясы уюштурулары кабарланган.

https://kapital.kz/economic/148170/tureckaya-kompaniya-budet-proizvodit-bespilotniki-anka-v-aktyubinskoj-oblasti.html