14.05.26
Астанада өткөн “Казакстан – Түркия” бизнес-форумунда Казакстандын Абай облусунун делегациясы Түркиянын “Miryildiz KZ Ltd” компаниясы менен кызматташуу боюнча меморандумга кол койду. Салтанаттуу аземге Абай облусунун акими Берик Уали жана компаниянын акционери Аслы Йылдыз катышты.
Абай облусунун маалымат кызматы тараткан маалыматта: “Меморандумдун негизги максаты, инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүү жана Абай облусунун аймагында “Жанан” кенинен алынган руданы кайра иштетүүчү алтын ылгоочу фабриканы куруу. Баасы 482 миллион долларды түзгөн инвестициялык долбоордун алкагында, болжол менен 1,800 жаңы жумуш ордун түзүү пландалууда. Долбоорду ишке ашыруу 2028-жылга чейин эсептелген. Тараптар өз ара колдоо көрсөтүү, биргелешкен аракеттерди координациялоо жана долбоорду ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча макулдашышты”, — деп айтылат. Облустук акимат инвестициялык долбоорду коштоп, инвесторго мамлекеттик органдар менен иштөөдө колдоо көрсөтөт.
Эскерте кетсек, 2026-жылдын апрель айында, Абай облусунда инвестицияларды тартуу боюнча регионалдык координациялык кеңештин жыйыны өткөн. Анда сунушталган демилгелердин бири катары Түркиянын “Miryildiz KZ Ltd” компаниясынын Абай облусунда алтын ылгоочу фабрика куруу долбоору көрсөтүлгөн.


