01.06.26
Баку шаарында «КазМунайГаз» улуттук компаниясынын башкармалыгынын төрагасы Асхат Хасенов менен Венгриянын «MOL Group» корпорациясынын чалгындоо жана өндүрүш боюнча аткаруучу вице-президенти Жомбор Мартон жолугушту. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушууда тараптар эки тараптуу кызматташуунун учурдагы абалын жана келечектеги пландарын талкуулашты. Анын алкагында Батыш Казакстан облусундагы Рожковское газ кенин өздөштүрүү боюнча биргелешкен долбоордун жүрүшү каралды.
Маалыматка ылайык, долбоор социалдык жактан маанилүү болуп саналат. Анткени Рожковское кенинен алынган газ кайра иштетилип, суюлтулган түрдө Батыш Казакстан жана Атырау облустарынын калкынын керектөөсүнө жөнөтүлөт. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар негизги багыттар боюнча өз ара пайдалуу кызматташууну мындан ары да кеңейтүүгө даяр экендиктерин ырасташты.
Белгилей кетсек, ири газ-конденсат запастарына ээ Рожковское кени Батыш Казакстан облусунда жайгашып, 2023-жылдын декабрь айында өнөр жайлык пайдаланууга берилген. 2040-жылга чейин кенден 14,2 миллиард куб метр чийки газ жана 7,1 миллион тонна конденсат өндүрүү пландалууда. Адистердин эсебине ылайык, кенди иштетүүнүн натыйжасында Казакстандын Улуттук фондуна 501 миллиард теңге, ал эми жергиликтүү бюджетке 110 миллиард теңге түшөт.


