08.06.26
Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) Билим берүү министрлеринин 9-жыйыны 2026-жылдын 8-июнунда Түркстан шаарында өттү. Жыйынга ТМУга мүчө мамлекеттердин билим берүү министрлери катышып, түрк дүйнөсүндө билим берүү тармагындагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.
Жыйындын жүрүшүндө ТМУнун Башкы катчысы, Элчи Кубанычбек Өмүралиев «Орхон» алмашуу программасынын туруктуу кеңейип жатканын белгиледи. Анын айтымында, учурда Түрк Университеттер Биримдигине (ТҮРКУНИБ) 170 университет мүчө болуп саналат. Программанын туруктуулугун камсыз кылуу үчүн Туруктуу ТҮРКУНИБ Катчылыгын жана «Орхон» алмашуу программасынын атайын фондун түзүү сунуштары айтылып, ТМУ Катчылыгы программаны өнүктүрүүгө 1 миллион доллар бөлгөнү маалымдалды.
Министрлер ошондой эле билим берүү стандарттарын шайкеш келтирүү, сапатты камсыздоо механизмдерин өркүндөтүү жана дипломдорду өз ара таанууну жеңилдетүү максатында «Түрк дүйнөсүнүн жогорку билим берүү мейкиндигин» түзүү демилгесин талкуулашты. Мындан тышкары, студенттер менен окутуучулар арасында алмашуу программаларын кеңейтүү, «Боордош мектептер» программасын ишке ашыруу жана ТМУнун билим берүү маалыматтык тармагын өнүктүрүү маселелери каралды.
Жыйындын жыйынтыгында 9-жыйындын билдирүүсүнө кол коюлуп, бир катар стратегиялык документтер жана демилгелер бекитилди. Алардын катарына Туруктуу ТҮРКУНИБ Катчылыгын жана «Орхон» алмашуу программасынын фондун түзүү, Түрк дүйнөсүнүн жогорку билим берүү боюнча маалыматтар банкын түзүү, Жогорку билим берүүдө сапатты камсыздоо боюнча Түрк дүйнөсү ассоциациясын (TWAQA) түзүү, ТҮРКУНИБге мүчө университеттердин дипломдорун сертификациялоо жана эквиваленттүүлүгүн аныктоо механизмдерин иштеп чыгуу, Түрк университеттеринин лигасын түзүү, студенттер менен мугалимдердин алмашуу программаларын өнүктүрүү, «боордош мектептер» тажрыйбасын жайылтуу, Түрк мамлекеттеринин билим берүү маалыматтык тармагын түзүү жана билим берүү тармагындагы кызматташтык боюнча жумушчу топ түзүү боюнча чечимдер кирди. Жыйын түрк мамлекеттеринин билим берүү тармагындагы интеграциясын күчөтүүгө жана жалпы билим берүү мейкиндигин калыптандырууга багытталган маанилүү кадам катары бааланды.


