09.06.26
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 2029-жылга чейин өлкөнү кеңири масштабдуу санариптештирүү жана жасалма интеллект (ЖИ) технологияларын бардык тармактарга жайылтуу боюнча «Digital Qazaqstan» жалпы улуттук стратегиясын бекитүү жөнүндө жарлыкка кол койду. Бул тууралуу Kapital.kz бизнес маалымат борбору билдирди.
Маалыматка ылайык, стратегия өлкөнү терең санариптик трансформациялоого жана жасалма интеллектти экономиканын ар түрдүү тармактарына кеңири киргизүүгө багытталган.
Буга чейин, Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов өкмөттүн жыйынында жаңы стратегиянын долбоору даярдалганын билдирген. Анын айтымында, документ Президент Касым-Жомарт Токаевдин тапшырмасынын негизинде иштелип чыгып, тармактын узак мөөнөттүү өнүгүүсүнүн негизги багыттарын аныктайт.
Өкмөт башчысынын белгилешинче, стратегия санариптештирүү жана жасалма интеллект тармагындагы иштерди натыйжалуу координациялоого мүмкүндүк берет. Ошондой эле ал Мамлекет башчысы жарыялаган Санариптештирүү жана жасалма интеллект жылында өлкөнүн экономикасын санариптик трансформациялоого өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгилеген.
Белгилей кетсек, 2025-жылдын ноябрь айында Казакстандын президенти жасалма интеллект жөнүндө мыйзамга кол койгон. Жаңы стратегия аталган мыйзамдын жоболорун ишке ашырууга жана өлкөнүн санариптик өнүгүүсүн тездетүүгө багытталган.


