19.06.26
Казакстандын Актөбө шаарында Түркиянын “Anadolu Group” холдингине караштуу “Coca-Cola İçecek (CCI) Kazakhstan” компаниясы Казакстанда төртүнчү заводунун курулушун баштоого арналган салтанаттуу аземи болуп өттү.
Жаңы завод заманбап өнөр жай объектиси гана болбостон, компаниянын өнүгүүгө болгон комплекстүү мамилесин да чагылдырат. Долбоор инфраструктураны өнүктүрүүгө, келечекке инвестиция салууга жана жаңы муундагы адистерди колдоого багытталган. Долбоордун ачылыш аземи дал ушул концепциянын негизинде уюштурулду.
Иш-чарага мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, бизнес коомчулугу, эл аралык өнөктөштөр жана “CCI Kazakhstan” компаниясынын жетекчилиги катышты. “Greenfield” принциби боюнча ишке ашырылып жаткан, Актөбөдөгү жаңы заводдун курулушу компаниянын акыркы жылдардагы, Казакстандагы эң ири инвестициялык долбоорлорунун бири болуп саналат. Ишкана пайдаланууга берилгенден кийин жергиликтүү тургундар үчүн жаңы жумуш орундарын түзүп, эл аралык экологиялык стандарттарга жооп берет жана калдыктарды башкаруунун заманбап системаларын киргизет.
Инвестициялык долбоор өлкөдөгү стратегиялык инвестициялык демилгелерди колдогон Казакстандын өкмөтү жана “Kazakh Invest” компаниясынын колдоосу менен ишке ашырылууда. Буга чейин долбоорго байланыштуу келишимдер жана меморандумдарга “Kazakhstan Global Investment Roundtable” жана “Казакстан–Түркия” бизнес форумунун алкагында кол коюлган.
Эскерте кетрсек “Coca-Cola İçecek” компаниясы Казакстанда 1994-жылдан бери иштеп келет. Актөбөдөгү жаңы заводду кошкондо компаниянын өлкөгө салган жалпы инвестициясынын көлөмү дээрлик 130 миллиард теңгеге жетет. Жаңы ишкана компаниянын Казакстандагы төртүнчү заводу болот. Учурда “Coca-Cola İçecek” компаниясы Алматы облусунда, Астанада жана Шымкентте жайгашкан өндүрүш аянтчаларын ийгиликтүү башкарып келет.
https://kapital.kz/economic/149487/nachinaetsya-stroitelstvo-zavoda-coca-cola-icecek-v-aktobe.html


