02.07.2026

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Түркиянын “Anadolu Group” холдингинин төрагасы Камиль Сулейман Языджи менен жолугушту. Бул тууралуу Акорданын басма сөз кызматы билдирди. Жолугушууда инвестициялык кызматташууну мындан ары өнүктүрүү жана экономиканын ар түрдүү тармактарында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды.

Президент холдингдин курамына кирген “Efes Kazakhstan” жана “Coca-Cola Almaty Bottlers” компаниялары көп жылдан бери Казакстанда ийгиликтүү иш жүргүзүп, миңдеген жумуш орундарын түзүп, өлкөгө инвестиция тартууга жана бюджетке салык түшүүлөрүн көбөйтүүгө олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи.

Өз кезегинде Камиль Сулейман Языджи мамлекет башчысына компаниялар тобунун Казакстандагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары жана жаңы инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу пландары тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, акыркы 30 жыл ичинде “Anadolu Group” Казакстанга болжол менен 1 миллиард доллар өлчөмүндө инвестиция салып, 10 миңден ашуун жумуш ордун түзгөн.

Учурда компаниянын суусундук өндүрүү боюнча беш заводу иштеп жатат. Ошондой эле Актөбө облусунда 100 миллион долларга алтынчы заводдун курулушу башталды. Касым-Жомарт Токаев Казакстан экономиканы диверсификациялоо, өнөр жайды модернизациялоо жана жогорку кошумча наркка ээ өндүрүштөрдү өнүктүрүү багытындагы саясатты ырааттуу жүргүзүп жатканын белгиледи.

Ушуга байланыштуу мамлекет башчысы “Anadolu Group” компаниясынын Казакстандагы ишмердүүлүгүн мындан ары кеңейтүүгө, айрыкча агроөнөр жай комплексинде экспортко багытталган долбоорлорду, ошондой эле инновацияларды киргизүүгө жана туруктуу экономикалык өсүштү камсыз кылууга багытталган башка тармактарды өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди. Эскерте кетсек, бүгүнкү күндө Казакстан менен Түркия жалпы наркы 4 миллиард долларга бааланган 50 биргелешкен долбоорду ишке ашырууда.

Казакстан менен Түркиянын Жогорку деңгээлдеги стратегиялык кызматташтык кеңешинин алтынчы жыйынын жыйынтыгында Президент Касым-Жомарт Токаев менен Режеп Тайип Эрдоган Түбөлүк достук жана кеңейтилген стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө декларацияга кол коюшкан. Мындан тышкары, тараптар 14 эки тараптуу келишимге кол коюшкан. Алардын бири учкучсуз учуучу аппараттарды (дрондорду) өндүрүү жана тейлөө боюнча биргелешкен ишкананы түзүүгө байланыштуу.

https://kapital.kz/economic/150008/kazahstan-zainteresovan-v-rasshirenii-sotrudnichestva-s-anadolu-group-v-apk.html