01.07.2026
Казакстандын Жамбыл облусунда кубаттуулугу 1 гигаватт (ГВт) болгон шамал электр станциясынын курулушуна расмий түрдө старт берилди. Жалпы баасы болжол менен 1,4 миллиард долларды түзгөн долбоор өлкөнүн түштүк аймактарындагы электр энергиясынын тартыштыгын азайтып, кайра жаралуучу энергия өндүрүшүн көбөйтүүгө багытталган. Бул тууралуу Казакстандын Энергетика министрлиги маалымдады.
Курулуштун башталышына арналган капсула салуу аземи телемост форматында өттү. Иш-чарага Астанадан энергетика боюнча вице-министр Сунгат Есимханов, «Самрук-Қазына» улуттук жыргалчылык фондунун башкармалыгынын төрагасы Нурлан Жакупов жана Бириккен Араб Эмираттарынын Masdar компаниясынын башкы директору Мохамед Жамиль Аль-Рамахи катышып, долбоорго расмий старт беришти.
Долбоордун негизги өзгөчөлүгү – шамалдан өндүрүлгөн электр энергиясын ири көлөмдөгү аккумулятордук энергия сактоо системасы менен айкалыштыруу болуп саналат. Электр станциясы 300 МВт кубаттуулуктагы жана 600 МВт/саат сактоо мүмкүнчүлүгүнө ээ заманбап энергия сактоо системасы менен жабдылат. Бул технология аба ырайынын өзгөрүшүнө карабастан жана электр энергиясына суроо-талап эң жогору болгон учурларда да тармакка туруктуу электр энергиясын жеткирүүгө шарт түзөт.
Долбоорду ишке ашыруучу консорциумдун курамына Бириккен Араб Эмираттарынын Masdar (40%) жана W Solar (40%) компаниялары, «Самрук-Қазына» фондуна караштуу Qazaq Green Power (18%), ошондой эле Kazakhstan Investment Development Fund (KIDF) (2%) кирет.
Маалыматка ылайык, жаңы шамал электр станциясы пайдаланууга берилгенден кийин жыл сайын көмүр кычкыл газынын (CO₂) бөлүнүп чыгышын 2,5 миллион тоннага чейин кыскартууга мүмкүндүк берип, Казакстандын экологиялык максаттарына жетишине салым кошот. Учурда курулуш аянтчаларын даярдоо иштери бекитилген график боюнча жүргүзүлүүдө. Долбоорду толук коммерциялык пайдаланууга берүү 2029-жылдын үчүнчү чейрегине пландалууда.


