04.07.2026

Казакстан улуттук энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуу жана өнөр жай өндүрүшүн колдоо максатында дагы бир ири инфраструктуралык долбоорду ишке ашырууда. Өлкөнүн чыгышындагы Курчатов шаарында кубаттуулугу 700 мегаватт (МВт) болгон жаңы конденсациялык жылуулук электр станциясынын курулушуна расмий түрдө старт берилди.

Казакстандын Энергетика министрлиги билдиргендей, өлкөнүн өсүп жаткан электр энергиясына болгон муктаждыгын камсыз кылууга багытталган бул долбоор 2026–2032-жылдары этап-этабы менен ишке киргизилет.

Электр станциясы толук кубаттуулукта иштей баштагандан кийин жылына 5 миллиард кВт/саат электр энергиясын өндүрөт. Бул кубаттуулук биринчи кезекте Курчатов шаарынын жана анын айланасындагы аймактардын өнөр жай потенциалын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошот.

Улуттук стратегиянын бир бөлүгү: дагы 7,8 ГВт жаңы кубаттуулук

Курулушу башталган бул жаңы станция Казакстандын энергетикалык инфраструктурасын модернизациялоого багытталган «Көмүр менен иштеген электр энергиясын өндүрүүнү өнүктүрүүнүн улуттук долбоорунун» алкагында ишке ашырылууда.

Астана өлкө боюнча нөлдөн тартып 8 жаңы электр станциясын курууну жана учурдагы объектилерди модернизациялоону көздөөдө. Натыйжада өлкөнүн электр тармагына жалпы 7,8 гигаватт (ГВт) жаңы жана жаңыланган кубаттуулук кошулат.

Конденсациялык (конденсациялык циклдүү) жылуулук электр станциясы – көмүр жана башка отундардын жардамы менен ысытылган суудан алынган буу турбиналарды айландыргандан кийин конденсатордо кайрадан сууга айландырылып, жабык цикл аркылуу кайра казанга жөнөтүлгөн жылуулук электр станциясынын түрү болуп саналат.

https://www.trtavaz.com.tr/haber/tur/turkistandan/kazakistan-in-dogusunda-700-mw-lik-santralin-temeli-atildi/6a47b733f96369831e638b3c