09.07.2026

Казакстан Каспий деңизинин түбү аркылуу Азербайжандын борбору Бакуга чейин өтүүчү Транскаспий мунай түтүгүн куруу мүмкүнчүлүгүн изилдей баштады. Долбоордун негизги максаты – казак мунайын «Баку – Тбилиси – Жейхан» (БТЖ) мунай кууру аркылуу дүйнөлүк рынокторго экспорттоонун көлөмүн көбөйтүү.

Бул тууралуу Vesti.az агенттиги Казакстандын Energy Monitor борборунун жетекчиси Нурлан Жумагуловго шилтеме берүү менен маалымдады. Жумагуловдун айтымында, Транскаспий мунай куурунун  Pre-FEED (долбоордун алдын ала техникалык-экономикалык негиздемеси) этабы ушул күздө аякташы мүмкүн. Долбоор ишке ашырылган учурда курулуш чыгымдарын азайтуу үчүн куурду Казакстан менен Түркмөнстандын чек арасына жакын аймактан баштоо сунушталууда. Бул багыт Каспий деңизи аркылуу Бакуга чейинки эң кыска маршрут болуп саналат.

Ал белгилегендей, долбоор Казакстан менен Азербайжандын эки тараптуу келишимдеринин негизинде ишке ашырылып, Каспий деңизиндеги эки өлкөнүн экономикалык секторлорундагы кызматташтыкты камтыйт.

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын июнь айында Казакстандын Энергетика министри Ерлан Аккенженов Baku Energy Week иш-чарасынын алкагында берген маегинде өлкө техникалык жактан Баку аркылуу жана «Баку – Тбилиси – Жейхан» мунай кууру менен жылына 7–7,5 миллион тонна мунай ташууга жөндөмдүү экенин билдирген. Ошол эле учурда экспорт көлөмүн мындан ары көбөйтүү логистикалык мүмкүнчүлүктөргө жараша болору белгиленген.

Өз кезегинде Азербайжан өкмөтү да Vesti.az агенттигине Казакстандын Каспий аркылуу Бакуга мунай түтүгүн куруу мүмкүнчүлүгүн изилдеп жатканын ырастап, казак мунайынын өлкөнүн экспорттук түтүк инфраструктурасы аркылуу транзитинин көлөмүн көбөйтүүгө кызыкдар экенин билдирген.

Белгилей кетсек, Казакстан 2023-жылдан бери мунайынын бир бөлүгүн Азербайжан аркылуу үзгүлтүксүз экспорттоп келет. 2026-жылы бул көлөмдү 1,5–1,6 миллион тоннага чейин жеткирүү пландалууда. Салыштыруу үчүн, 2025-жылы Баку аркылуу ташылган казак мунайынын көлөмү 1,27 миллион тоннаны түзгөн. Мунай алгач танкерлер аркылуу Сангачал терминалына жеткирилип, андан соң «Баку – Тбилиси – Жейхан» мунай кууру аркылуу эл аралык рынокторго экспорттолот.

https://vesti.az/ekonomika/kazaxstan-gotovitsya-k-stroitelstvu-nefteprovoda-cerez-kaspii-v-azerbaidzan-603951