22.08.26

Казакстандын IT-кызматтарынын экспорту акыркы беш жылда 30 эседен ашык өсүп, 2025-жылдын жыйынтыгында 1,142 млрд долларга жетти. Бул тууралуу Казакстандын Жасалма интеллект жана санариптик өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2020-жылы IT-кызматтарынын экспорту 33,5 млн долларды түзсө, кийинки жылдары туруктуу өсүш көрсөткөн. Тактап айтканда, 2021-жылы экспорттун көлөмү 60,07 млн доллар, 2022-жылы 337 млн доллар, 2023-жылы 529,1 млн доллар, 2024-жылы 690,7 млн доллар болгон. 2025-жылы көрсөткүч биринчи жолу 1 млрд доллардан ашкан.

Ошол эле учурда Казакстан IT-кызматтарынын таза экспорттоочусу статусуна чыкты. Экспорттук киреше чет өлкөлүк санариптик чечимдердин импортуна кеткен чыгымдардан 2,6 эседен ашык жогору болуп, импорттун көлөмү 429 млн долларды түзгөн.

IT-экспорттун өсүшү казакстандык компаниялардын тышкы рыноктордогу ишмердүүлүгүнүн кеңейиши менен коштолууда. Учурда өлкөнүн санариптик чечимдери дүйнөнүн 110дон ашык өлкөсүнө экспорттолот. Astana Hub катышуучуларынын экспорту 2025-жылы 634 млн долларга жеткен. Тышкы рыноктордо 537 компания өз продукцияларын жана кызматтарын сунуштап, экосистемада 32 миңден ашык жумуш орду түзүлгөн.

Казакстан мындан ары технологиялык компанияларды масштабдаштырууга жана аларды ири эл аралык рынокторго чыгарууга басым жасоону көздөөдө. Артыкчылыктуу багыттар катары АКШ, Европа, Жакынкы Чыгыш жана Азия рыноктору белгиленүүдө.

Салыштыруу үчүн, Грузиянын телекоммуникациялык, компьютердик жана маалыматтык кызматтарынын экспорту 2024-жылы 842,3 млн долларды, Арменияныкы болжол менен 1,18 млрд долларды түзгөн. Казакстандын стратегиялык максаты — 2030-жылга чейин IT-кызматтарынын экспортун 5 млрд долларга жеткирүү. Ошентип, акыркы беш жылда Казакстан IT-кызматтарынын экспорту боюнча олуттуу өсүшкө жетишип, аймактагы технологиялык экспорттоочу өлкөлөрдүн катарына кошулду.

https://kapital.kz/economic/151976/eksport-it-uslug-kazahstana-prevysil-dollar1-mlrd.html