21.09.2026

Анталья шаарында Казакстан–Түркия автомобиль транспорту боюнча биргелешкен комиссиясынын жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу, Казакстандын Автомобиль транспорту жана транспорттук көзөмөл комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Көрүшмөнүн жыйынтыгында эки өлкөнүн ортосунда эл аралык автомобиль ташууларын жана транзитти мындан ары өнүктүрүү боюнча конкреттүү макулдашууларга жетишилди.

Тараптар электрондук уруксаттар боюнча сандык чектөөлөр жок экендигине макулдашышты. Бул макулдашуу ташууларды кыйла ийкемдүү уюштурууга жана ташуучулардын муктаждыктарына ыкчам жооп берүүгө мүмкүндүк берет.

Маанилүү жыйынтыктардын бири казакстандык ташуучуларга Түркиянын деңиз портторунан жүктөрдү алып, аларды андан ары Казакстанга ташууга мүмкүнчүлүк берилиши болду.

Тараптар 2026-жылдан тартып жыл сайын мындай транзиттик жүктөрдү ташуу үчүн 3 миңден уруксат документин алмашууну макулдашышты. Жыйындын катышуучулары эки тараптуу жана транзиттик ташууларды мындан ары өнүктүрүүнүн зарылдыгын белгилеп, алардын соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүдө жана Казакстан менен Түркиянын ортосундагы транспорттук-логистикалык байланыштарды бекемдөөдө маанилүү экенин баса белгилешти.

Жолугушуунун жыйынтыгында, тараптар жетишилген макулдашууларга канааттангандыгын билдирип, эл аралык автомобиль ташуулары жаатындагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экенин ырасташты.

https://kapital.kz/economic/153212/turciya-predostavit-dostup-k-svoim-portam-avtoperevozchikam-iz-rk.html