25.09.2026
Казакстан, Азербайжан жана Грузия Орто коридордун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча биргелешкен иштерди активдештирүүдө. Бул тууралуу Казакстандын «Казакстан темир жолу» улуттук компаниясы» АКсынын башкармалыгынын төрагасынын орун басары Ерлан Койшибаев Бакуда өткөн II Азербайжан эл аралык инвестициялык форумунун панелдик сессиясында билдирди. Бул тууралуу Vesti.az маалымдады.
Анын айтымында, тараптар Орто коридордун инфраструктурасын өнүктүрүү, санариптештирүү, тарифтик саясатты өркүндөтүү жана порттордогу ишти координациялоо боюнча бирдиктүү жол картасын кабыл алышты. Казакстан, Азербайжан, Грузия жана Кытайдын темир жол компаниялары санариптик интеграцияны жана операцияларды синхрондоштурууну күчөтүүдө. Бул багытта жүк ташуулар үчүн бирдиктүү операторду жана «бирдиктүү терезе» системасын түзүү каралууда.
Койшибаевдин маалыматына караганда, учурда Кытайдан Европага Орто коридор аркылуу контейнерлерди жеткирүү 13–17 күндү талап кылат. Деңиз аркылуу ташууда бул мөөнөт 30–45 күндү түзөт. Тараптар транзиттик ташуулардын мөөнөтүн 10–12 күнгө чейин кыскартууну көздөшүүдө. Мындан тышкары, Казакстан Актау порту менен Азербайжандын Алят порту ортосундагы транзиттик ташууларды камсыз кылуу үчүн деңиздеги контейнердик флотун кеңейтүүдө.
2028-жылга чейин өлкө Кытай — Каспий — Европа багыты боюнча эки тараптуу ташууларга арналган адистештирилген деңиз контейнердик флотун 20 кемеге чейин жеткирүүнү пландап жатат. Учурда алардын төртөө Баку кеме куруу заводунда курулууда. Койшибаев Орто коридордун өнүгүшү Казакстан менен Азербайжанда жаңы инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү түзүп, инфраструктуралык кубаттуулуктардын кеңейиши маршрут боюнча жүк агымын көбөйтүүгө шарт түзөрүн белгиледи.


