Казахстанда авто өнөр-жай продукциянын чыгарылышынын көлөмүн дагы 35% пайызга жогорулаган. Жергиликтүү жаңы унаа сатып алуучулар арасында жүргүзүлгөн сурамжылоодо он казакстандыктын алтоосу жергиликтүү өндүрүүчүлөргө артыкчылык беришерин казакстандык Energyprom.kz. аналитикалык порталы билдирген.
Үстүбүздөгү жылдын алгачкы эки айында Казакстандын авто өнөр-жайы 5,6 миң унаа өндүргөн. Бул көрсөткүч былтыркы жылга салыштырмалуу 34,6% пайызга жогору. Анын ичинен Чыгыш казахстан облусунун үлүшү жалпы республиканын 65,2% пайызын түзгөн. Тагыраак айтканда 3,6 миң унаа, чыгарган, жылдык көрсөткүч боюнча өсүш 32.6% пайызга жогору.
Казахстандын Усть-Каменогорск шаарында өлкөнүн эки негизги авто заводунун бири жайгашкан. Ошондой эле шаарда ири курулуш долбоорун кайра жандандырылгандыгына байланыштуу 2020-жылы, шаардын аймагында 500 гектарга жаңы унаа өндүүрүчү завод курулат. Ал эми, Казакстандын 34,8% пайыз жеңил унаа өндүрүшүнүн үлүшү Костанай облусуна туура келет. Тагыраагы 1,9 миң унаа, бир жыл ичинде чыгарылган, өсүш 38,6% пайызга жеткен. Ушул жылдын январь айынын жыйынтыктары боюнча женил унаалар сегментинде казахстандык өндүрүштүн үлүшү 50,6% пайыздан 61,2% пайызга чейин өскөн. Ѳз кезегинде импорттун үлүшү жыл ичинде 49,4% пайыздан 38,8% пайызга чейин төмөндөгөн. Үстүбүздөгү жылдын эки айынын жыйынтыгы боюнча Казакстанда курулган эң көп суроо-талапка ээ болгон жеңил унаа маркаларына: Lada (2260 унаа), Hyundai (1469 унаа), KIA (602 унаа), Chevrolet (126 унаа) жана Skoda (102 унаа) маркалары түзгөн.
https://www.kazpravda.kz/news/ekonomika/v-kazahstane-sushchestvenno-viroslo-proizvodstvo-avtomobilei