04.12.19
Казакстан жана Польша ортосунда жаңы авиакаттам ачылат. Бул тууралуу, Казакстан Республикасынын Индустрия жана инфраструктуралык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынан Kazpravda.kz агенттигине билдиришкен.
Кечээ 3-декабрь күнү, Казакстан жана Польшанын бийлик өкүлдөрүнүн ортосунда сүйлөшүүлөр болуп өткөн.
Казакстан Республикасынын Индустрия жана инфраструктуралык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы: “Мамлекет башчысынын тапшырмасы боюнча кабыл алынган “ачык асман” эрежесинин алкагында, чет өлкөлөргө болгон авиакаттамдардын учуу жыштыгы көбөйтүлгөн болучу. Мына ошол эрежеге ылайык, Нурсултан - Варшава шаарларынын ортосундагы учуулар күн сайын тынымсыз аткарылып турмакчы. Ал эми, Варшава-Алматы маршруту боюнча авиакаттамдар жумасына жети жолу учууга чейин көбөйтүлмөкчү”, - деп айтылат маалыматта.
Басма сөз кызматы билдиргендей, эки тараптын жетишилген макулдашууларынын жыйынтыгы боюнча, Польшанын “LOT Polish Airlines” авиакомпаниясы, 2020-жылдын жай мезгилинен баштап, Варшава-Нурсултан маршруту боюнча, жумалык каттамдардын санын төрттөн жетиге чейин көбөйтмөкчү. Ошондой эле, кийинки жылы, Алматы-Варшава маршруту боюнча үзгүлтүксүз авиакаттам ача тургандыгын билдирди. Польшалык авиакомпания Казакстандын Чымкент шаарына да авиакаттам ачууну пландаштырууда.
https://www.kazpravda.kz/news/obshchestvo/novie-aviareisi-otkroutsya-mezhdu-kazahstanom-i-polshei