13.12.19
2019-жылдын 11 айынын ичинде, Казакстандын республикалык бюджетинин таза кирешеси 6 триллион теңгени (15,5 миллиард доллар) түзгөн. Бул тууралуу, Казакстан Республикасынын Финансы министри Алихан Смаилов өкмөттүн жыйыны учурунда билдирди.
Алихан Смаилов: “11 айдын жыйынтыгы боюнча мамлекеттик бюджеттин кирешеси төмөнкү көрсөткүчтөр менен мүнөздөлөт. Пайыздык көрсөткүч менен алып караганда, мамлекеттик бюджеттин кирешелери 101,3% пайызга, республикалык бюджет 100,3% пайызга жана жергиликтүү бюджеттер 104,1% пайызга пландан ашык аткарылды. Республикалык бюджеттин таза кирешеси 6 триллион 219 миллиард (15,5 миллиард доллар) теңгени түздү”, - деп белгилеп өттү.
Финансы министри Алихан Смаиловдун айтымында, кирешелердин көбөйүшүнө эл аралык соода салыктары жана бажылык башкаруунун жакшыруусу таасир эткен. Өткөн 2018-жылдын январь - октябрь айларына салыштырганда, 2019-жылдын ошол эле мезгилинде товар өндүрүү жана кызмат көрсөтүү тармактарында өсүш динамикасы байкалган. Аларга, курулуш тармагы 112,7 % пайызга, соода тармагы 107,5 % пайызга, транспорт тармагы 105,6 % пайызга, байланыш тармагы 104,5 % пайызга, өнөр жай тармагы 103,5 % пайыздык өсүш көргөзгөн.