29.12.20
Казакстандын Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Марат Шоранов, коронавируска каршы Казакстанда өндүрүлгөн вакцинаны сыноо кезинде жогорку натыйжалуулугун көрсөткөнүн маалымдады.
Марат Шоранов: “Россиялык “Спутник V” вакцинасы 92 % пайызга чейин, ал эми, Казакстандын “QazCovid-in” вакцинасы 96% пайызга чейин натыйжалуу экендигин көрсөттү”, – деп билдирди.
Казакстанда 19-декабрь күнү, жергиликтүү вакцинанын клиникалык сыноосунун үчүнчү фазасы үчүн үч миң ыктыярчы тартылган.
Мындан тышкары, “Караганды дары-дармек комплексинде” Россиялык “Спутник V” вакцинасы өндүрүлө баштаган. Казакстанда россиялык вакцина менен элди жапырт эмдөө 2021-жылдын февраль айында башталары айтылган.