01.25.22
Казакстан бир нече жыл ичинде транзиттик жана транспорттук каттамдарды диверсификациялоо үчүн 20 миллиард доллар акча каражатын жумшай тургандыгын, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев билдирди. Бул тууралуу “Интерфакс-Казакстан” маалымат агенттиги жазып чыкты.
Токаев “Борбор Азия-Кытай” саммитинде белгилегендей, Казакстан бул тармакка 2025-жылга чейин инвестиция салууну пландоодо.
Мамлекет башчы белгилегендей, “Дүйнөлүк банктын” (ВБ) маалыматы боюнча, Борбор Азияда транспорттук коммуникацияларды өнүктүрүү менен беш мамлекеттин ички дүң продуктусун (ИДП) 15% пайыздык деңгээлинде өсүшүн камсыздай алат.
Казакстандын президенти ошондой эле “Бир алкак – бир жол” программасын мындан ары куруу боюнча биргелешкен иштерди, анын ичинде кошумча наркы жогору ири долбоорлорду ишке ашыруу аркылуу активдештирүү зарылдыгын белгиледи.