26.05.22
Жакынкы жылдары Кыргызстан жана Казакстандын ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмүн 2 миллиард долларга жеткирүү пландалып жатканын, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев биринчи Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагында көрүшмө учурунда билдирди.
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев: “Бүгүн мен президент Садыр Жапаровдун чакыруусу менен Бишкекке келдим. Биз жакынкы жылдарда өлкөлөрүбүздүн ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмүн 2 миллиард долларга чейин көтөрүүнү макулдаштык. Бул максатка жетүү үчүн биздин өлкөлөрдөгү ишкерлерге шарттарды түзүү зарыл, бул интеграцияга да тиешелүү” - деп белгилеп өттү.
Өткөн жылдын аягында, Кыргызстан жана Казакстандын ортосундагы өз ара сооданын көлөмү 35% пайызга өсүп, 1 миллиард доллардан ашкан.
Белгилей кетсек, буга чейин президент Садыр Жапаров менен жолугушууда Токаев Казакстан “KazakhExport” компаниясынын колдоосу менен Кыргызстанга товарлардын жана продукциянын жүздөгөн түрүн сунуш кыла аларын белгилеген болучу.