25.10.22
Үстүбүздөгү 2022-жылдын тогуз айынын жыйынтыгы менен Өзбекстанга азык-түлүк экспорттоо боюнча, Казакстан алдыңкы орунга чыккан. Бул тууралуу, «Казинформ» агенттиги билдирди.
Өзбекстандын Мамлекеттик статистика комитетинин маалыматы боюнча, 2022-жылдын январь-сентябрь айларында, Казакстан Өзбекстанга азык-түлүктү жеткирүүчү негизги өлкөлөрдүн тизмесинде биринчи орунду сактап калды. Аталган мезгилде, Өзбекстандын азык-түлүк импортунун жалпы көлөмүнүн 36,2 пайызы Казакстандын продукциянын үлүшүнө туура келет.
Өзбекстандын негизги суроо-талабы, Казакстандын буудайына (1,8 миллион тонна), унга (280 миң тонна), арпа (73 миң тонна), өсүмдүк майына (65 миң тонна) жана картошка (49,6 миң тонна) азыктарына туура келет.
Өзбекстанга азык-түлүк продукциясын импорттогон алдыңкы беш өлкөгө Россия (24% пайыз), Бразилия (14,7% пайыз), Беларусь (4,3% пайыз), Пакистан (2,2% пайыз) мамлекеттери кирген.
Эскерте кетсек, буга чейин Өзбекстанга импорттолгон ундун 95% пайыздан ашыгы Казакстанда өндүрүлгөндүгү маалымдалган.