20.03.23
Казакстандын Кашаган мунай кенинен биринчи жолу “Актау-Баку” маршруту менен нефт ташыла баштады.
Бул тууралуу, Азербайжандын Каспий деңиз кемечилигинин (АСКО) басма сөз кызматы билдирди. Аталган маалыматта: “Казакстандын Кашаган кенинде өндүрүлгөн мунай алгачкы жолу “Актау-Баку” маршруту менен ташыла баштады. Жаңы каттам боюнча мунай ташуу Азербайжандын Каспий деңиз кемечилигине (ASCO) таандык “Академик Хошбахт Юсифзаде” деңиз транспорт кемеси тарабынан ишке ашырылды” - деп айтылат.
Танкерге 6.900 тонна мунайдын биринчи партиясы жүктөлгөн. Мунай жүктөлгөн кеме Казакстандын “Актау” портунан Азербайжандын “Сангачал” деңиз терминалына жеткирилет.