02.09.24
Казакстан 2025-жылы Каспий деңизинин түбүн бойлой Транскаспий була-оптикалык байланыш линиясын тартуу долбоору аяктайт. Бул тууралуу Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев парламенттин палаталарынын биргелешкен жыйынында сүйлөп жатып билдирди.
Касым-Жомарт Токаев: “2025-жылы Азербайжан менен бирге Каспий деңизи аркылуу оптикалык була линиясын тартуу долбоору да аягына чыгарылат. Бул эл аралык коридорлорго жана транс чек аралык маалымат агымдарына кошулган санариптик инфраструктураны түзүү үчүн биздин өлкөгө өтө маанилүү. Жалпысынан биз телекоммуникациялык тармактарды жана маалымат борборлорун активдүү өнүктүрүүнү улантышыбыз керек. Ошондой эле киберкоопсуздуктун глобалдык стандарттарын киргизүүбүз зарыл жана биздин адистердин компетенттүүлүгүн жогорулатуу керек”, - деп белгилеп өттү.
Эскерте кетсек, аталган долбоор Европа менен Азиянын ортосунда санариптик телекоммуникация коридорун түзүүгө багытталган “Digital Silk Road” долбоорунун бир бөлүгү болуп саналат. Долбоорду Азербайжан менен Казакстандын алдыңкы телекоммуникация компаниялары “AzerTelecom” жана “Казактелеком” компаниялары ишке ашырышууда. Долбоорго эки өлкөнүн байланыш операторлору 50 миллион доллардан ашык инвестиция салат.