06.09.24
Казакстандагы ички туристтердин саны 3,5 миллион адамга жетти. Бул тууралуу “Kapital.kz” маалымат кызматы билдирди. Расмий статистикага ылайык, 2024-жылдын январь айынан июнь айына чейин өлкө ичинде 3 миллион 431 миң казакстандык саякаттаган.
Ички туристтердин саны өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 349 миң кишиге өскөн (2023-жылы 3 миллион 082 миң). Алматы, Астана жана Шымкент шаарлары ички туризм боюнча лидер болуп, бардык ички туристтердин 51% пайызы ушул шаарлардын үлүшүнө туура келген. Ошондой эле Казакстандын 14 облусунда өткөн жылдын биринчи жарымына салыштырмалуу туристтердин саны өскөн.
Казакстандын Туризм индустриясы комитетинин төрагасы Нуртас Карипбаев: “Биз ички туризмдин туруктуу өсүшүн көрүп жатабыз, муну расмий статистика да тастыктайт. 2024-жылы алты айдын ичинде, өлкөнүн ар кайсы аймактарына 3,5 миллионго жакын турист келген. Бул жыйынтык туризм инфраструктурасын жана кызматтарын жакшыртуу боюнча багытталган ишибиздин аркасында мүмкүн болду. Туризмдин мындан ары дагы өсүшү үчүн күч-аракетибизди жумшайбыз”,-деп белгилеп өттү.