10.09.24

Казакстанда жакында “Zoomlion” бренди менен тракторлор чыгарыла баштайт. Бул тууралуу “Kapital.kz” бизнес-маалымат борбору Өнөр жай жана курулуш министрлигинин басма сөз кызматына таянуу менен билдирди.

Өнөр жай жана курулуш министрлигинин басма сөз кызматы: “Өнөр жай комитетинин төрагасынын орун басары кытайлык  айыл чарба техникасын өндүрүүдө лидерлердин бири болгон  “Zoomlion Agricultural Machinery Co., Ltd.” компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту. Көрүшмөдө Казакстанда тракторлорду чыгарууну уюштуруу пландары талкууланды”, - деп маалымдайт.

Белгиленгендей, “Zoomlion” компаниясы айыл чарба техникаларынын кеңири түрлөрүн чыгаруу менен белгилүү. Компания Кытайдын абасы кургакчыл болгон түндүк аймактары үчүн айыл чарба техникалары, түштүктөгү күрүч талаалары жана түшүм жыйноодон кийинки кайра иштетүүчү жабдуулар менен жабдылган техникаларды өндүрөт.

Министрликтин маалыматында: “Бул долбоор казакстандык “QazTehna” ишканасы менен кеңири кызматташуунун бир бөлүгү болуп саналат. Казакстандын Саран шаарындагы заводдо жылына 700 даана трактор чыгаруу пландаштырылууда. Казакстандын Өнөр жай министрлиги мындай өнөктөштүктөн чоң келечекти көрөт жана долбоорду ишке ашырууда колдоо көрсөтүүгө даяр. Кызматташуу өткөн жайда лицензиялык келишимге кол коюу менен башталып, азыр өндүрүш практикалык баскычка өтүп жатат”, - деп билдирет маалыматта.

https://kapital.kz/economic/129458/v-kazakhstane-zapustyat-proizvodstvo-traktorov-zoomlion.html