13.09.24

Казакстандын Сенатынын депутаттары “Түрк мамлекеттери уюмуна” (ТМУ) мүчө мамлекеттердин ортосунда, жөнөкөйлөштүрүлгөн бажы коридорун түзүү боюнча макулдашууну ратификациялоону жактырды. Бул тууралу, “Kapital.kz” бизнес-маалымат борбору билдирди.

Сенаттын пленардык жыйынында, депутат Бекбол Орынбасаров: “Соода операторлору көзөмөл-өткөрүү пункттарында артыкчылыктуу тейлөө алышат, бул күтүү убактысын кыскартат. Бажы текшерүүсү, бажы мыйзамдарын бузуу коркунучу аныкталган учурларда гана жүргүзүлөт жана токтоп турууларды, чыгымдарды азайтат”, - деп белгилеп өттү.

Анын айтымында, жаңы коридор Казакстандын ичиндеги сооданын көлөмүн жогорулатат. Бекбол Орынбасаров: “Экономика үчүн артыкчылыгы, бажы процедураларын жөнөкөйлөтүү сооданын көлөмүн көбөйтүүгө жардам берет, анткени товарларды жеткирүү убактысы азаят жана баасы төмөндөйт. Бажы жол-жоболорун оптималдаштыруу импорттун баасын төмөндөтүүгө жардам берет. Бул өлкө ичинде товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн баасынын арзандашына алып келиши мүмкүн”, - деп белгилеп өттү.

Казакстан келишимге кол койгондон кийин алты айдын ичинде, техникалык шарттар иштелип чыгып, бекитилип, андан соң пилоттук долбоор ишке киргизилет.

https://kapital.kz/economic/129567/senat-odobril-sozdaniye-uproshchennogo-koridora-dlya-organizatsii-tyurkskikh-gosudarstv.html