18.09.24
Казакстан жана Кыргызстандын чек арасында соода-логистикалык комплекс курулат. Буга чейин эки өлкөнүн өкмөттөрү керектүү келишимге кол коюшкан. Президент Касым-Жомарт Токаев 18-сентябрь күнү келишимди ратификациялоо тууралуу мыйзамга кол койду.
Документ “Карасуу” жана “Ак-Тилек” автожол постторунун аймагында өнөр жай соода-логистикалык комплексин түзүү жана ишин жөнгө салууга багытталган. Бул тууралуу “Акорда” маалымат кызматы билдирди.
Комплекс өндүрүш аянтчаларынан, товарларды сактоочу кампалардан, ошондой эле транспорттук-логистикалык инфраструктурадан турмакчы. Ошондой эле өлкөлөр бул аймакта кооперативдик кызматташуу долбоорлорун ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүүнү пландаштырууда. Мисалы, сүт, эт, мөмө-жемиш жана жашылча, текстиль жана фармацевтикалык продуктылары өндүрүлөт.
Үстүбүздөгү жылдын май айында, Казакстандын Соода жана интеграция министрлиги комплекске керектүү инвестиция болжол менен 30 миллиард теңгени түзөрүн билдирген. Ал эми комплекстин ишмердүүлүгү, Казакстан менен Кыргызстандын соода жүгүртүүсүн 3 миллиард долларга чейин көбөйтүүгө мүмкүндүк берет.