21.09.24

Кытайдын Сиань шаарынан Европага, Транскаспий эл аралык транспорт жолу (ТЭАТЖ) боюнча контейнердик поезд жөнөтүлдү. Маршрут Алтынкөл, Актау, Баку, Поти, Бургас, Белград аркылуу өтүп, андан ары Гамбург, Будапешт шаарына чейин барат. Бул тууралуу “Kapital.kz” бизнес-маалымат борбору “Казакстан темир жолу” улуттук компаниясынын басма сөз кызматынын маалыматына таянуу менен билдирди.

Таратылган маалыматта: “Сиань шаарындагы казак-кытай терминалында топтолгон 55, 40 футтук контейнерден турган поезд, жүктү Будапештке жеткирет. Поезд Бакуга чейин 7 миң километрге жакын жолду 8-11 күндө басып өтөт жана маршруттун акыркы чекити болгон Будапешт шаарына 25 күндүн ичинде жетет”, - деп айтылат компаниянын билдирүүсүндө.

Ошондой эле Транскаспий эл аралык транспорт жолу (ТЭАТЖ) катышкан өлкөлөрдүн темир жол жана порттордун администрацияларынын кызматташтыгынын аркасында, жүктөрдү жеткирүү мөөнөтү кыскарып, тейлөө деңгээли жогорулаганын белгилешти. Үстүбүздөгү жылдын 8 айында аталган транзит  менен товар ташуу 20 эсеге көбөйүп, каттаган поезддердин саны эки жүзгө жеткен.

https://kapital.kz/economic/129803/tranzit-po-transkaspiyskomu-marshrutu-vyros-v-20-raz.html