10.10.24
Казакстандык “QazaqGaz” компаниясы менен Түркмөнстандын “Түркмөнгаз” мамлекеттик концерни газ өндүрүү, ташуу жана импорттоо тармагында кызматташат. Бул тууралуу “Kapital.kz” бизнес-маалымат борбору билдирди.
Казакстандык “QazaqGaz” компаниясы тараткан маалыматта: “Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жомарт Токаевдин Түркмөнстанга жасаган расмий сапарынын алкагында “QazaqGaz” улуттук компаниясы менен “Түркмөнгаз” мамлекеттик концернинин ортосунда газ тармагын өнүктүрүү боюнча стратегиялык келишим түзүлдү. Документке “QazaqGaz” ишканасынын башкармалыгынын төрагасы Санжар Жаркешов жана “Түркмөнгаз” мамлекеттик концернинин төрагасы Максат Бабаев кол коюшту”,-деп айтылат.
Документте кызматташуунун үч багыты каралганы. Биринчиси товардык газдын ресурстук базасын көбөйтүү, геологиялык чалгындоо жана газ кендерин иштетүү чөйрөсүнө тиешелүү. Экинчиси магистралдык газ түтүктөрүн өнүктүрүү, үчүнчүсү товардык газды импорттоону көбөйтүү.
Эскерте кетсек “КазМунайГаз” жана “Түркмөннебит” компаниялар Каспий деңизинин Түркмөнстанга тиешелүү бөлүгүндө геологиялык чалгындоо, углеводород ресурстарын иштетүү жана өндүрүү тармагында келечектүү долбоорлорду биргелешип изилдеп, ишке ашырууну пландаштырууда. Негизги милдеттердин бири деңиздеги бургулоочу станокторду колдонуу, өндүрүштүн натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн тажрыйба жана алдыңкы технологияларды алмашуу болуп саналат.