10.10.24
Казакстанда курулган биринчи деңиздеги сүзүүчү бургулоочу “Satti” апараты Каспий деңизинин Түркмөнстанга тиешелүү аймагында “Челекен” кенинде бургулоо иштерин баштайт. Бул тууралуу Казакстандын Улуттук мунай-газ компаниясы “КазМунайГаз” компаниясынын басма сөз кызматы билдирди.
Компания “Saatti” домкраттык аппараты татаал деңиз шарттарында бургулоо иштери үчүн алдыңкы технологиялар менен толук жабдылган. 2021-жылы модификациялангандан кийин анын көтөрүү кубаттуулугу 453 тоннадан 680 тоннага чейин көбөйтүлгөн. Бул масштабдуу долбоорлор үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Аппарат 6000 метрге чейинки тереңдиктеги скважиналарды бургулоого жөндөмдүү.
Алдыда боло турган иштерге байланыштуу Ашхабадда “KMG Drilling and Services” компаниясынын филиалы ачылды. Компаниянын ачылышы иш-чараларды тез жана сапаттуу жүргүзүүгө мүмкүндүк берет. Ачылыш аземине “КазМунайГаз” компаниясынын директору Асхат Хасенов катышты.
“KMG Drilling & Services LLP” компаниясы 2008-жылы негизделген. Каспий деңизинин казак секторунда бургулоо кызматтарын көрсөтүүчү “КазМунайГаздын” туунду компаниясы болуп саналат.