22.10.24

Самарканд шаарында “Аймактар ​​аралык кызматташтык” форумунун алкагында, Казакстан жана Өзбекстандын соода жүгүртүүсүн жогорулатуу боюнча иш-чаралардын планы кабыл алынды. Форумга Казакстандан жетимишке жакын экспорт тармагында иштеген бизнес өкүлдөрү катышты. Бул тууралуу, “Kapital.kz” бизнес-маалымат борбору Казакстандын Соода жана интеграция министрлигинин басма сөз кызматына таянуу менен билдирди.

Казакстандын Соода жана интеграция министри Арман Шакалиев: “Белгилүү болгондой, эки өлкөнүн президенттери орто мөөнөттүү келечекте соода жүгүртүүнүн көлөмүн 10 миллиард долларга жеткирүү боюнча масштабдуу тапшырмаларды коюшкан. Премьер-министрлердин төрагалыгы астында өтүп жаткан форум жүктөлгөн милдеттердин иш жүзүндө аткарылышы болуп саналат. Биз аймактар ​​аралык кызматташууга өзгөчө басым жасайбыз. Форумдун алкагында биздин аймактар, ​​Өзбекстандын аймактары менен тиешелүү келишимдерге кол коюшту. Ошондой эле бүгүн мен кесиптешим экөөбүз соода жүгүртүүнү көбөйтүү боюнча практикалык иш-аракеттер планына кол койдук. Мунун баары эки өлкөнүн ортосундагы мамилелер жалпы аймактын экономикасын көтөрүү үчүн кыймылдаткыч күч катары иш алып баруусун камсыздоого багытталган”,- деп белгилеп өттү.

Эскерте кетсек, буга чейин Казакстан менен Өзбекстан биргелешкен 74 долбоорду ишке киргизүүнү пландап жатканы маалымдалган. Эки өлкөнүн өнөр жай кооперациясынын алкагында, Казакстандын аймагында 65 ишкана ачуу пландалууда.

https://kapital.kz/economic/130799/plan-po-narashchivaniyu-tovarooborota-prinyali-kazakhstan-i-uzbekistan.html