10.25.24
Казакстандын Коргоо министри, генерал-полковник Руслан Жакшылыков “Baykar Defence” компаниясынын башкы директору Халук Байрактар менен Казакстанда тактикалык учкучсуз учактарды чыгаруу боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул тууралуу, 24-октябрда Казакстандын Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Сүйлөшүүлөр Стамбулда “SAHA EXPO-2024 IV” Эл аралык коргонуу жана аэрокосмостук өнөр жай көргөзмөсүнүн алкагында өттү.
Казакстандын Коргоо министрлиги тараткан маалыматта: “Тараптар өлкөбүздүн аймагында тактикалык учкучсуз учак системаларын жана оперативдүү деңгээлдеги ок-дарыларды өндүрүүнү локалдаштыруу маселеси боюнча жол картасын иштеп чыгууну макулдашты”, - деп айтылат.
Белгиленгендей, акыркы бир нече жылдан бери Казакстан түркиялык учкучсуз “Anka” учагын өндүрүүнү локалдаштыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келет.
2022-жылдын 10-май күнү, Анкарада “НК Казахстан Инжиниринг” менен учкучсуз учактарды чыгаруучу “Turkish Aerospace” компаниясынын ортосунда аскердик-техникалык кызматташтык боюнча меморандумга кол коюлган. Документке ылайык, “Казахстан Инжиниринг” туунду компаниясынын базасында учкучсуз учуучу аппараттарды чогултуу жана тейлөө линиясы уюштурулат.
https://centralasia.media/news:2183752?from=portal&place=last