01.11.24
Казакстандын Тышкы иштер министринин орун басары Алибек Куантиров 31-октябрь күнү Астанадагы чет өлкөлүк маалымат каражаттары үчүн өткөн брифингде: “Алдыбызда турган негизги милдет алдыдагы 3 жыл ичинде, Каспий деңизи аркылуу өткөн “Орто коридор” боюнча ташылып жаткан жүктүн көлөмүн 10 миллион тоннага жеткирүү”, - деп билдирди.
Министрдин орун басары “Орто коридор” аркылуу жүк ташуулардын өсүү көрсөткүчтөрү 2024-жылдын сегиз айында 70% пайызга өсүп, 3,3 миллион тоннага жеткендигин билдирди.
Министрдин орун басары кошумчалагандай, “Орто коридор” Кытайдын “Бир алкак, бир жол” демилгесине кирет жана Европа биримдигинин “Global Gateway” демилгеси менен дал келет.
Ошондой эле, Алибек Куантиров Казакстандын темир жол тармагында европалык компаниялардын ишмердүүлүгүнө токтолуп өттү.
Европа биримдиги менен кызматташуу тууралуу сөз кылып жатып, Куантиров Казакстан Европа биримдиги зарыл болгон критикалык минералдардын көбүн камсыздоого даяр экенин белгиледи. Казакстандын негизги максаты критикалык минералдарды казып алуу гана эмес, аларды өлкө ичинде терең кайра иштетүү болуп саналат деп белгилеп өттү.