06.11.24

Казакстандын Алматы облусунда,  вольфрамды кайра иштетүүчү заводун ачуу пландалууда. Ишканада жылына 3,3 миллион тонна руда кайрадан иштетилет. Бул тууралуу,  “Kapital.kz” маалымат борборунун кабарчысы акиматтын басма сөз кызматына шилтеме берүү менен билдирди.

Долбоордун баасы 300 миллион долларды түзөт.  Аны казакстандык “Арал Кеген” компаниясы  “Jiaxin International Resources Investment Ltd.” холдинги менен биргеликте ишке ашырды.

Ишканада 1000 чейин туруктуу жумуш орундарын түзүү пландалууда. Заводдун биринчи баскычында продукциядагы вольфрамдын курамы 65% пайыз болот. Келечекте компания бул көрсөткүчтү 88,5% пайызга чейин көбөйтүүнү жана жогорку тазаланган вольфрам карбидин чыгаруу үчүн терең кайра иштетүү комплексин курууну пландоодо. Бул максатты ишке ашыруу үчүн кошумча 150 миллион доллар инвестиция тартылат.

Долбоор экологиялык стандарттарды сактоо менен ишке ашырылууда.

Акимиат тараткан маалыматта: “Казакстанда вольфрамды кайра иштетүүчү заводду ачуу, тоо-кен өнөр жайын өнүктүрүүдө жана өлкөнүн эл аралык атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн чыңдоодо маанилүү кадам. Жаңы завод, Казакстанга сейрек кездешүүчү металлдар рыногундагы позициясын бекемдөөгө жана эл аралык экологиялык жана өндүрүш стандарттарына ылайык жогорку сапаттагы продукцияларды чыгарууга мүмкүндүк берет”, - деп айтылат.

https://kapital.kz/economic/131295/v-almatinskoy-oblasti-otkryli-zavod-po-pererabotke-vol-frama.html