12.11.24
“Азербайжан-Казакстан” инвестициялык фонду жашыл долбоорлорду каржылоого артыкчылык бермекчи. Бул тууралуу, Казакстандын Вице-премьер-министри Нурлан Байбазаров Баку шаарында журналистердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.
Нурлан Байбазаров: “Бизде мунай-газ тармагында кызматташтык бар жана жалпы мунай продуктуларын өндүрүүнүн зыяндуу таасирин азайтууга багытталган технологиялар киргизилүүдө. Мындан тышкары, биз биргелешкен инвестициялык фонд түздүк жана менин оюмча, артыкчылыктар жашыл инфраструктуралык долбоорлорго берилет”, - деп билдирди.
Анын айтымында, Казакстан менен Азербайжанды байланыштырган жашыл коридорду түзүү долбоору баштапкы баскычта турат.
Нурлан Байбазаров тараптар жашыл энергетиканы өнүктүрүү, транзиттик жана транспорттук каналдарды, анын ичинде Каспий деңизи аркылуу өнүктүрүү боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу пландалып жатканын белгиледи.
Ал токойлорду сактоого байланыштуу макулдашууга кол коюлганын баса белгиледи. Долбоор Арал деңизинин түбүнө саксаул дарактарын отургузууну ишке ашырат.
Вице-премьер-министр: “Саксаул бул жердин климаттык шартында өскөн туруктуу дарактардын түрү. Менимче, бул долбоорду ишке ашыруунун чоң келечеги бар, анткени бир жагынан ал климатты коргоого жана сактоого багытталган, ал эми экинчи жагынан биздин боордош өлкөлөрдүн каржылык-экономикалык кызматташтыгын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт”, - деп кошумчалап өттү.