16.11.24

“Алматы-Түркстан-Ташкент-Алматы” багыты боюнча биринчи туристтик поезд 16-ноябрда Казакстандан Өзбекстанга жөнөп кетти.

Бул тууралуу, “Report” агенттиги  “Казакстан темир жолдору” компаниясынын маалыматына таянуу менен билдирди. Аталган маалыматта: “115 турист Казакстандагы биринчи туристтик “Jibek joly”  поезди менен сапарга чыгышты. Саякат 2024-жылдын 16-20 ноябрь күндөрү аралыгында болуп, беш күнгө созулмакчы. Түркстан шаарында туристтер бир күн өткөрүшөт, ал эми Ташкентте эки күн болуп, бул шаарлардын негизги көрнүктүү жерлерин, кооз локацияларын жана ыйык жерлерин кыдырып чыгышат”,- деп билдирет. Поездде буга чейин башка маршруттарда колдонулбаган, Казакстанда өндүрүлгөн беш жаңы вагон бар.

https://report.az/ru/promyshlennost/pervyj-v-kazahstane-turisticheskij-poezd-otpravilsya-v-uzbekistan/