14.11.24
COP 29 Дүйнөлүк Климат Саммитинин алкагында, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Азербайжандын президенти Илхам Алиев жана Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев ортосунда, жашыл энергияны өндүрүү жана экспорттоо боюнча стратегиялык өнөктөштүк макулдашуусуна кол коюшту.
Бул тууралуу “Акорда” маалымат агенттиги билдирди. Көрүшмө учурунда Касым-Жомарт Токаев: “Биз казылып алынган ресурстарга болгон көз карандылыгыбызды азайтуу, технологиялык инновацияларды өнүктүрүү жана экологиялык туруктуулукту колдой турган инфраструктураны түзүү боюнча жигердүү иштеп жатабыз. Казакстан чет элдик өнөктөштөр менен жалпы кубаттуулугу 43 (ГВт) болгон “жашыл” долбоорлорду ишке ашыруу боюнча макулдашууларга жетиштик”, - деп белгилеп өттү.
Президент Илхам Алиев белгилегендей, бүгүнкү келишим үч өлкөнүн ортосундагы бир туугандык мамилелерди жана стратегиялык өнөктөштүктү жаңы деңгээлге көтөрөт.
Илхам Алиев: “Борбордук Азия жана Кавказдын аймактары көптөгөн маселелер боюнча, анын ичинде жашыл энергетиканы өнүктүрүү жаатында синхрондуу иш алып барышат. Биз Өзбекстанда жана Казакстанда энергиянын кайра жаралуучу булактарын түзүү боюнча буга чейин жетишилген чоң пландар жана натыйжалары тууралуу билебиз”, - деп билдирди.
Өз кезегинде, Өзбекстандын президенти бул келишим экономикалык максатты гана көздөбөстөн, келечекке кошкон жалпы салым экенин билдирди.
Шавкат Мирзиёев: “Мен бул долбоордун экологиялык маанисин өзгөчө белгилейт элем. Өндүрүлө турган энергия шамал жана күн энергиясы болуп саналат, бул климатка болгон таасирин азайтууга жардам берет. Ошентип, биз Париж келишиминин алкагында климатты коргоо жана туруктуу өнүгүү максаттарына жетишүү боюнча биргелешкен аракеттерди колдойбуз”, - деп белгилеп өттү.