21.11.24
“Казакстан Темир Жолу” компаниясы, Венгриянын “L.A.C. Holding” жана Кытайдын “Xi'an Free Trade Port Construction and Operation Co., Ltd” компаниялары транспорт жана логистика жаатында кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту.
Документ Венгриянын борбору Будапештте Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин мамлекеттик сапарынын алкагында түзүлдү. Бул тууралуу, “Kapital.kz” ишкердик маалымат борбору “Казакстан Темир Жолу” улуттук компаниясынын басма сөз кызматына шилтеме берүү менен кабарлады.
Тараптар Будапештте биргелешкен интермодалдык жүк терминалын түзүүнү макулдашышты. Венгриянын борбору Европанын мультимодалдык ташуу системасы үчүн өнүккөн транспорттук түйүнгө ээ. Курула турган жүк терминалы “Кытай – Европа – Кытай” багытындагы контейнердик поезддердин санын көбөйтүүгө, анын ичинде Транскаспий эл аралык транспорттук маршруту аркылуу транзитти өнүктүрүүгө шарт түзөт.
Бул долбоор товар ташуу мөөнөтүн кыскартууга, чыгымдарды азайтууга жана жүктөрдү кайра жүктөө убактысын кыскартууга жардам берет.
Маанилүү транспорттук коридорлордун боюна терминалдык түйүндөрдү түзүү, Евразияда Казакстандын транзиттик хаб катары позициясын чыңдоо боюнча мамлекет башчы койгон маанилүү милдетти ишке ашырууга өбөлгө болот.